10 жаштагы Абдулла Рузибоев классташы Шохжахон Рузибоев экөө мектептен үйгө келе жатышканда досу каналга кулап кеткен. Абдулла муз болгон сууга түшүп Шохжахонду куткарып, бирок өзү чөгүп кеткен.
– Суу шар акчу. Абдулланын денесин эки күндөн кийин ал чөгүп кеткен жерден бир чакырым алыс аралыктан таптык, – деди өлгөн баланын кошунасы.
21-январда Интернетте ӨКМ куткаруучулары 10 жаштагы баланын денесин издеп жүрүшкөнү тартылган видео тараган.
Абдулла Рузибоев мектепте мыкты окуган. Алмазар районунун Кара-Камыш массивинин жашоочуларынын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдү бойлой аккан канал темир тосмолор менен курчалган эмес. Буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар үчүн коркунуч жаратып келет.