“Жекшембиде 3 манат (1 доллар) турган товарларды азыр 4 манатка сатышууда. Картошканын килосу мурун 3,5 манат болсо, учурда 4 манат. 3 манат турган алманы 4 манатка сатып алып жатабыз. 4 манаттык момпосуйлардын килосу 17 манаттан сатылууда. Бул эми эң арзандары”, -деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы.
Түркмөнстанда жаңы жыл алдында дагы азык-түлүктөр кымбаттаган. Өлкө базарларында ун, шекер жана өсүмдүк майынын тартыштыгы жаралган. Декабрда нандын баасы 50% жогорулаган.