Мындай чечим ишембиде Франко Фальчинелли бул кызматтан кетерин жарыялагандан кийин кабыл алынды. AIBA президенти ноябрда Москвада өтө турган уюмдун кезектеги конгрессинде шайланат.
Гафур Рахимов - белгилүү өзбек ишкери жана Азия бокс федерациясынын вице-президенти. AIBA сайтында Рахимовдун талапкерлиги Орусия бокс федерациясы тарабынан көрсөтүлгөнү жазылган. Өзбекстан бокс федерациясы дагы бул сунушту колдогон.
67 жаштагы Гафур Рахимов 1998-жылдан бери AIBA уюмунун аткаруучу комитетинин мүчөсү. 2002-2012-жылдары уюмдун вице-президенти болгон.
2012-жылы АКШ “Рахимов өзбек уюшкан кылмыш топторунун лидерлеринин бири, Борбор Азияда маңзат соодасы менен шугулданат” деп, каржылык санкция салган. Ал Өзбекстандан 2010-жылы чыгып кеткен жана ошондон бери Дубайда жашайт.