Бул тууралуу дүйшөмбүдө Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдирди. Кийинки санкция орус фирмалары менен кызматташкан компанияларга жана мамлекеттерге салынышы ыктымал. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хезер Нойерттин айтымында, санциялардын айынан Орусия аскер-өндүрүш коплексинин продукцияларын экспорттоодон түшө турган миллиарддаган доллар кирешеден кур калды.
Дональд Трамптын администрациясынын чечими тууралуу мыйзам чыгаруучулар жашыруун өткөн брифинг учурунда билишти. Демократ – мыйзам чыгаруучу Эллиот Энгел Кремлди жазалоону каалабай жаткан Акүйдүн аракеттерине “тойгонун” билдирди. Бирок сенатор-демократ Бен Кардин орусиялык аскер-өндүрүш комплекси менен кызматташкандарга санкция киргизүүнү туура чечим деп атады.
Өткөн айда санкция киргизиле турган орусиялык жеке жана юридикалык жактардын "кара тизмеси" түзүлгөнү кабарланган.