Ссылки доступа

Ташкентте жарандар менен туристтерге жардам берчү «атайын патруль» ишин баштады


Ташкентте шаар тургундарына жана меймандарына жардам бере турган «атайын патрулдар» иштей баштады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, аталган топтордун кызматкерлери «Транслейтер» жана «Навигатор» системалары орнотулган мобилдик телефондор менен камсыздалышкан. Бул системалар жарандарга жана туристтерге түрдүү тилдерде кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Атайын патрулдун кызматкерлери борбордогу үч объектиде — «Ташкент автобекетинде», «Ислам Каримов атындагы Эл аралык аэропортто» жана «Көз карандысыздык аянтында» иш алып барат.

Буга чейин Өзбекстандын ИИМ системасында транспорт каражаттарынын кыймылын жана түнчүндө жүргөн жарандарды көзөмөлдөөчү атайын патрулдар иштеп келген.

Андан тышкары өлкөдө белгилүү бир объектилердеги рейддерге катыша турган атайын патрулдук кызмат дагы бар.

XS
SM
MD
LG