Авиакомпаниянын билдиргенине караганда, учак жерден көтөрүлгөндөн кийин эле бала кыйнала баштаган. Натыйжада учак Оренбургга конууга аргасыз болгон, бирок бул кезде бала чарчап калганы аныкталган. Анын сөөгү азыр Оренбургда экени кабарланды.
"Урал аба жолдору" ишканасынын билдиргени боюнча, көз жумган бала Тажикстандын жараны болгон жана ал байкеси менен учуп бараткан.