Мыйзам долбоору дароо парламентке келип түшкөн.
Анын алдында Украина преизденти Петр Порошенко аскердик абалды 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу чечимин кабыл алган. Ал чукур кырдаал менен шайлоо кампаниясынын башталышын дал келтирүүнү каалаган эмес.
Жогорку Рада 26-ноябрда келерки президенттик шайлоо күнүн белгиледи: Ал 2019-жылдын 31-мартында болот.
Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта экенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан Коопсуздук кызматынын ички курамы да аскердик абалга даярдык көрүүдө.
Киевдин маалыматына караганда, буга чейин Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алган, экөө оор жарадар болгон. Орусия тарап Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирди. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.
Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.
Украина президенти Петр Порошенко Кремлден Керч кысыгында кармалган украин моряктарын жана кемелерин тезинен бошотууну талап кылды.
25-ноябрда Орусия Керч кысыгы аркылуу украин аскер кемелерин өткөрбөө үчүн деңиз жолун убактылуу жапкан.
Орусиянын аймактагы аракеттерин бир катар европалык өлкөлөр жана АКШ сынга алды. НАТО Керч кысыгындагы абалга көз салып жатканын билдирип, тараптарды сабырдуулукка үндөдү.