19-июнда немис басылмалар герман-поляк чек арасында жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазышкан. Баңгизаттар Кыргызстанда өндүрүлгөн шириндиктердин ичине катылып, ташылып баратканы такталган.
Интернетке жарыяланган маалыматтарга ылайык, анда алынган документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Жүк Белгияга жөнөтүлгөнү кабарланган. Автоунаанын айдоочусу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы айтылды.