Ссылки доступа

Тажик бийлиги "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тартты

Тажикстан Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Барот Юсуфиге аккредитация берүүдөн баш тартты

Эркин Европа/Азаттык радиосу муну көз карандысыз ММКларды көзөмөлдөөнүн ачык ыкмасы деп атады. РСЕ/РС корпорациясынын президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар тажик бийлигинин кадамын чечкиндүү түрдө айыптады.

“Биз журналисттик ишмердүүлүктө кесиптик стандарттарды сактаганыбыз үчүн жооп бердик”, – деди ал.

Дейзи Синделар аккредитациялык системаны колдонууну “цензура, “Азаттыктын” тажик кызматына кийлигишүү жана басым көрөтүү” деп эсептейт.

26-июнда “Азаттыктын” тажик кызматынын өкүлү Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Ал жерде Барот Юсуфи өз репортаждарында бир нече жолу “Ислам кайра жаралуу” партиясын кеп кылганы үчүн убактылуу аккредитация берилбей турганы кабарланган.

“Азаттыктын” тажик кызматы Барот Юсуфи видеожурналист экенин, эч качан диний партия тууралуу репортаж жасабаганын билдирген. Бирок ТИМ көрсөтмө Улуттук коопсуздук комитети тарабынан берилгенин белгилеген.

Барот Юсуфи (Баротали Назаров) – ТИМден аккредитация күткөн “Азаттыктын” тажик кызматынын беш журналистинин бири. Өлкө мыйзамдарына ылайык, аккредитация бир жылдык мөөнөткө берилет.

2016-жылы “Азаттыктын” тажик кызматы президенттин кызы тууралуу материал жарыялагандан кийин ТИМ алты кабарчыга аккредитация берүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG