Ссылки доступа

Кабул ооган түрмөлөрүндөгү тажик жарандарын Душанбеге өткөрүп берди


Кабул Ооганстандын абактарында жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан тажик жарандарынын акыркы тобун Душанбеге өткөрүп берди. Бул тууралуу Тажикстандын Ооганстандагы элчиси Шарофиддин Имомов билдирди.

Анын айтымында, сегиз кишиден турган топ тажик борборуна өткөн жуманын соңунда жеткирилди.

Буга жооп катары Кабулга Тажикстандын абактарында кармалып турган 80ге жакын ооган жараны өткөрүлүп бериле тургандыгы кабарланууда.

Элчинин айтымында, бирок өлкө түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ооган жарандарынын бардыгы эле Кабулга берилбейт. «Өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор, анын ичинде террордук чабуулдарга тиешеси бар же биздин чек арачыларды жарадар кылган аткезчилер Тажикстандын түрмөлөрүндө калат», — деди элчи.

Быйыл май айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандын тышкы иштер министри Салохуддин Раббаниге 80 ооган жараны Кабулга өткөрүлүп бериле турганын убадалаган.

Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин маалыматына караганда, учурда тажик абактарында 90дон ашык ооган жараны кармалууда. Алардын көбү маңзат аткезчилиги жана ооган-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн соттолушкан.

2010-жылы эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери камактагы жарандарды алмашуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG