Ссылки доступа

Азия: Арыстагы жарылуунун чыгымдары эсептелди (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Мугалимдер билимин өркүндөтүүгө муктаж. (Директтен видео)​

- Токмок: тойдон кийинки тополоң. Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандардын саны көбөйдү. Жүзгө чукул адам Кочкор, Токмок, Бишкектеги ооруканаларга кайрылып, кыркка чукулу ооруканага жаткырылды. (Директтен видео)

- Аскердик кампалар - Борбор Азиянын жарасы. Аскердик кампада чыккан өрттөн жабыр тарткан арыстыктар үйлөрүнө кайтууда, бирок алардын келечеги арсар. Борбор Азияда аскердик кампалар эмне үчүн көп? (Директтен видео)

- Азия: Арыстагы жарылуунун чыгымдары эсептелди. Снаряддардын жарылуусунан улам Арыс шаарына келтирилген чыгымдын суммасы дээрлик 53 миллион долларга бааланды. Ширин Айтматова бийликти «Раим миллиондун» ишин иликтөөгө чакырууда. Тажикстанда ар бир үчүнчү бүтүрүүчү дарыгер, ар бир алтынчы бүтүрүүчү экономист болууну кыялданат. (Настоящее время)​

- Караколдун таңдайды так эттирген тамагы. 1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесин утурлай этнофестиваль уюштурулду. Анын алкагында шаардыктар жана меймандар үчүн 1,5 тонна ашлян-фу даярдалды. Шаардын борбордук аянтында дасторкон жайылып, ашлян-фу үч жарым миң кишиге акысыз таратылды. (сүрөт баян)

- Арыстагы жарылуудан төрт күн өткөндөн кийин үйлөрдө жана көчөлөрдө снаряддар табылууда. (Казакстандан видео)

- Өзбекстанда аттракцион экиге бөлүнүп, адамдар жети метрлик бийиктиктен кулады. (Өзбекстандан видео)

- «Сүрөт – жөн гана шылтоо». Теңгиздеги башаламандыктардын негизги себептери. (Настоящее время)​

- Душанбеде тажик сүрөтчүсү Фаррух Негматзоданын кыйноолордун курмандыктарына арналган көргөзмөсү уланууда. (Тажикстандан видео)​

- Дүйнөдөгү мөңгүлөр европалык спутниктердин сүрөттөрүндө. (видео)

- Түркмөнстанда президенттин туулган күнү белгиленди, Бердымухамбетов 62 жашка чыкты. (видео)

- Өзбекстанда түркмөн модасы көрсөтүлдү. (сүрөт баян)

- Советтер Союзу тушундагы Кристиан Диор . (видео)

- Ташкентте алгачкы жолу картинг жана дрифтинг боюнча мелдеш өттү. (видео)​

- Европа өлкөлөрүндө жаныбарлар ысыктан кантип сактанышууда? (Настоящее время)​

- Жизакта аттракцион кулап, бир кыз каза болду. (Өзбекстандан видео)​

- Нур-Султан майыптар арабасы менен жүргөндөр үчүн канчалык ыңгайлуу? (Настоящее время)​

- Саясий бозгун Мухиддин Кабири Тажикстандагы согуш жана анын кесепеттери тууралуу айтты. (Настоящее время)​

- Душанбе – курулуш крандарынын шаары. (Тажикстандан видео)​

- Өзбекстанда Таштүрмөдө камактагыларды сабаган күзөтчүлөр жазаланды. (Өзбекстандан видео)​

- Борбор Азиядагы лидерлердин балдары кандай кызматтарда иштешет? (кеңири материал)

- Азия 360: Самарканд. (Өзбекстандан видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG