Ссылки доступа

Стамбулда маңзат сатып жаткан түркмөнстандык аял кармалды


Стамбулдагы сейил бактардын биринде маңзат сатып жаткан түркмөнстандык аял кармалды. Бул тууралуу Haberler.com түрк басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери түркмөн жаранынан кутучага салынган героин жана метамфетамин затын табышкан.

«Полицияга «Хузур Хожа» сейил багында бир аял баңгизат сатып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Полиция кызматкерлери барып чынында эле маңзат сатып жаткан аялды кармашкан. Анын жанынан 5,3 грамм герион жана 0,7 грамм метамфетамин заты табылган», — деп жазды басылма.

Мындан тышкары аял жашаган батирди тинтүү маалында 107,9 грамм героин, курамында маңзат бар 40 таблетка, тараза, 30 сантиметрлик бычак, эки тапанча, 41 ок жана баңгизат сатуудан түшкөн 37 доллар өлчөмүндө акча табылган.

XS
SM
MD
LG