Тажикстан Коргоо министрлиги билдиргендей, машыгууга Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери, Аскер аба күчтөрү, Абадан коргонуу күчтөрү жана Кытайдын Элдик-куткаруу армиясынын антитеррордук ротасы катышат.
Машыгуу учурунда авиация, бронотехникалар жана артиллериялар колдонулат. Мындай окууларды жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.
Акыркы жолу тажик-кытай машыгуулары 2016-жылы 10 миң аскер кызматкеринин катышуусунда өткөн.
Тажикстандын Кытай менен чек арасынын узундугу 500 чакырым.
Душанбе менен Бээжин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө.