Бул тууралуу АКШдагы Хьюстон-Даунтаун университетинин окутуучусу Шахназ Савани “Борбор Азиядагы өзүн-өзү өлтүрүү” лекциясы учурунда билдирди.
Иликтөө 30 жылдык байкоолорго негизделген.
Борбор Азия боюнча Казакстанда өзүн-өзү өлтүрүү учурлары эң көп катталган – 48,1%. Экинчи орунда Түркмөнстан 15,8%, андан кийин Өзбекстан 13,6% жана Кыргызстан 13,4% турат. Тажикстанда бул көрсөткүч башкаларга караганда төмөнүрөөк – 7,2%.
Шахназ Саванинин пикиринде, аймакта калктын көбү ислам динин тутканына карабастан, өз жанын кыюу көрсөткүчү төмөндөгөн эмес.