Ссылки доступа

АКШ менен Орусия жаңы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу жаңы келишим түзүүнүн келечегин баалоо максатында шаршембиде Женевада жолугушат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Дональд Трамптын администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Ак үй анын жыйынтыгында Кытайдын катышуусунда өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу үч тараптуу келишим түзүү ыктымалдыгы боюнча Кремлдин позициясы белгилүү болот деп үмүттөнүүдө. Өзөктүк куралдын бардык түрлөрүн чектей турган мындай келишимдин зарылдыгы тууралуу буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече жолу билдирген.

Кошмо Штаттардын лидери бул маселени быйыл июнда Жапониянын Осака шаарында өткөн «Чоң жыйырма» саммитинде Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен жолугушкан маалда дагы көтөргөн.

XS
SM
MD
LG