Ссылки доступа

Жогорку сот Текебаевдин ишин кароону 21-августка жылдырды


Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, судья жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн.

16-июлга белгиленген соттук териштирүүгө партиянын айрым мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, аталган партиянын айрым мүчөлөрү, айыпталуучулардын жакындары киргизилип, журналисттер менен айрым тарапкерлер киргизилген жок.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырылган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган. Учурда ал Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатат.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалашкан. Тарапташтары Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG