Сюжетте көрсөтүлгөндөй, ырлары жакпай калган аткаруучуларды иш бөлмөсүндө кабыл алган министр аларда «музыка жөнүндө эч кандай түшүнүк жок экенин» жана алар ырчы болууга татыксыз экенин айткан. «Мындай аткаруучулардын Чеченстандын сыртында жана үйлөнүү тойлордо ырдап жатышы уят. Бизде бийлик жана мыйзам бар, ошондуктан каалаган жерде, каалаган ырды ырдай берүүгө болбойт», — деген Дааев.
Мындан тышкары министр ырчы болгусу келген адамдын Маданият министрлигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан жактырылган репертуары болушу керектигин белгилеген. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен түзүлгөн бул комиссия ырдын сөзү менен обонунун чечен маданиятына туура келээр-келбесин текшерет. Ырларды комиссиянын расмий жактыруусунан кийин гана «элге алып чыгууга болот».
Ырчы Аюб Вахараговдун Чеченстан маалымат министрине жакпай калган ыры:
Сюжеттин аягында министр менен жолугушууга чакырылган ырчылар кечирим сурап, мындан ары уруксатсыз ырдабай тургандыктарын убадалашкан.