Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен билдиришкендей, каза болгон кыз Душанбенин Фирдавси районунун 17 жаштагы тургуну Хадиса Табарова экендиги аныкталды.
«Кыз Шерози проспектисиндеги көпүрөдөн шейшемби күнү саат 18:30дарда боюн таштаган», — деп билдирди мекеменин өкүлү.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды.
Тажикстандын Аялдар иштери боюнча комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылы өлкөдө 236 аял өз жанын кыйса, алардын көбүнө үй-бүлөдөгү жаңжалдар себеп болгон.