Ссылки доступа

Казак тектүү АКШ жараны ИМ тобунун согушкери катары айыпталууда


Нью-Йоркто казак тектүү АКШ жаранына “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна кошулуу жана “курал-жарак инструктору катары кызмат өтөө” айыбы коюлду.

АКШнын Башкы прокуратурасы 19-июлда 42 жаштагы Руслан Маратович Асаинов беш жыл бою ”Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарында согушканын, аны “Сирия демократиялык күчтөрү” туткунга түшүрүп, Америкага өткөрүп бергенин кабарлады. Асаинов 2013-жылы Бруклинден Түркияга жер которуп, андан ары Сирияга барып, 2018-жылга чейин ИМ тобунун катарында согушкан.

Маалыматтарга караганда, Асаинов Сирияда снайпер, андан соң курал-жарак боюнча инструктор болгон. Ага ИМ тобунун катарына кишилерди азгыруу айыбы да тагылды.

XS
SM
MD
LG