Ссылки доступа

Тажикстанда Салык кодекси өзгөртүлөт


Тажикстанда Салык комитети калкты, анын ичинде бизнес өкүлдөрүн Салык кодексин кайра жазып чыгууга катышууга чакырууда.

Фискалдык органдын кайрылуусу мамлекеттик басылмаларга жарыяланды. Ага караганда, каалоочулардын баары өз сунуштарын кат түрүндө же электрондук почта аркылуу жөнөтсө болот.

Тажикстанда жогору салык төлөмдөрү жана системанын татаалдыгы сынга алынып келет. Жумушчу топ башка өлкөлөрдүн салык мыйзамдарын иликтөөгө көп көңүл бөлүүдө.

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда салык чендерин төмөндөтүүгө, салык системасын жөнөкөйлөштүрүүгө, электрондук төлөм ыкмасын киргизүүгө, салык инспекторлорун азайтууга басым жасалат.

Расмий органдар Салык кодекси кайра каралып чыккандан кийин салык төлөөдөн качкандардын саны кыскарат деп үмүттөнүүдө.

"Paying Taxes 2019" иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Тажикстанда салык чени 67,3% түзөт, бул Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө караганда эки эсеге көп.

XS
SM
MD
LG