Азырынча кеп кайсыл жогорку окуу жай жөнүндө болуп жатканы жана мындай көрүнүшкө кызматкерлердин кимиси күнөөлүү экендиги айтыла элек. Болгону анын жеке университет экени гана белгилүү.
Казак басылмаларынын маалыматына караганда, баңгичилер маңзаттын марихуана жана героин сыяктуу түрлөрүн университеттин спорттук комплексинин ичинде колдонуп келишкен.
Учурда укук коргоо органдары бул боюнча окуу жайда сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.