“Сууну эртең менен 7ден 9га чейин, кечкисин 19:00дөн 21:00гө чейин беришет. Идиши барлар толтуруп калат, айрымдар короонун ичине аң казып, бетондоп туруп суу толтурушууда. Айрымдары аны 10 тонналык резервураларда сактоодо”, - деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.
Ясмансалык жана Херрикгала конуштарында алты миңдей үй-бүлө жашайт.
Күн мурун Ашхабаддын борбордук бөлүгүнө 40 градус ысыкта бир күн бою таза суу берилген эмес.