Мындан тышкары социалдык түйүн баалуу кагаздар боюнча комиссиянын дооматтарын бир жаңсыл кылуу үчүн дагы 100 миллион доллар төлөп бере турганы айтылууда.
Бийлик менен түзүлгөн келишимдин алкагында «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг колдонуучулардын маалыматтарынын жашыруундуулугу үчүн жеке өзү жоопкерчилик алган.
«Фейсбук» компаниясына байланыштуу иликтөө 2018-жылы башталган. Анда журналисттер британиялык «Cambridge Analytica» компаниясын Дональд Трамптын президенттик шайлоо өнөктүгү маалында «социалдык түйүндүн колдонуучулары жөнүндөгү маалыматтарды колдонгон» деп айыптап чыгышкан. Анда аталган маалыматтар дүйнөдөгү башка шайлоолордун жыйынтыктарына дагы таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылган.
Бул чатактан кийин «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг АКШ Конгрессинин эки отурумуна катышып, суроолорго жооп берген. Анда компания социалдык түйүн колдонуучуларынын маалыматтарын бекем сактоо боюнча милдеттенмелерди алган. «Cambridge Analytica» компаниясы болсо ишин токтоткон.