Ссылки доступа

Казакстанда активисттер «Казатомдун» мурдагы башчысын бошотууну талап кылышууда


27-июль күнү кечинде Алматы шаарында ондогон адам «Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди бошотуу талабы менен акцияга чыгышты. Өткөн жумада сот 10 жылдан бери абакта жаткан Жакишевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Активист Даная Калиева акцияга жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан саясий туткун деп табылган адамдардын аты-жөнү түшүрүлгөн кийим кийип чыкты. Ал бул аракетин өлкө жарандарына саясий себептер менен камакта отурган жарандарды «тааныштыруу» каалооосу менен түшүндүрдү. Акциянын калган катышуучулары «Жакишевге эркиндик» деп жазылган плакаттарды кармап турушту.

Мухтар Жакишевди колдогон мындай акциялар өлкөнүн башка шаарларында дагы өтүп жатат. 26-июлда баш калаа Нур-Султанда Жекишевдин бошотулушун жана өлкөдө сөз эркиндигин камсыз кылуу талабы менен бир нече киши көчөгө чыккан. 25-июлда Алматыда укук коргоочу жана журналист Сергей Дубанов «Казатомпромдун» мурдагы башчысынын иши боюнча чыгарылган сот чечимине нааразылык билдирип пикет өткөргөн. Чымкент шаарында болсо жергиликтүү тургун Гүлнар Момынова 27-июлда Жекишев баш болгон бир нече адамды абактан чыгаруу чакырыгы менен акцияга чыккан.

24-июлда Казакстандын Семей шаардык соту 2009-жылдын май айынан бери камакта жаткан «Казатомпром» корпорациясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Анда адвокат Нурлан Бейсекеев убактылуу кармоочу жай менен абакта Жакишевдин саламаттыгы кыйла начарлаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG