Чымкент шаарынын мэри кызматын 2015-жылдан бери ээлеп келген 44 жаштагы Абдрахимов жакында эле «Инстаграм» баракчасына Лондондогу кымбат баалуу «Ритц» мейманканасынын алдында тартылган видеосун жарыялаган. Анда ал өзүн «өлкөнүн патриоту» деп атап, жаштардын Казакстанда акча иштеп таап, дүйнө кыдырышын каалай турганын билдирген.
Анын бул кайрылуусу казакстандык социалдык түйүн колдонуучуларынын кыжырын келтирип, катуу сынга алынган.
Учурда бир миллиондон ашык калкы бар Чымкент былтыр Нур-Султан жана Алматы сыяктуу республикалык маанидеги шаар макамына ээ болгон.