Эсмаилинин айтымында, сотто айыпталуучунун кылмышка атайылап барганы аныкталган. Эми 67 жаштагы мурдагы мэр бул өкүм боюнча Жогорку сотко 20 күндүн ичинде даттана алат.
Нажафинин экинчи аялы Митра Остаддын сөөгү быйыл 28-майда Тегерандын түндүк-батыш бөлүгүндөгү үйүндө табылган. Өлкө бийлиги экс-мэр полицияга өзү келгенин жана аялы экөө араздашып жатканда аны атып салганын мойнуна алганын билдирген.
Нажафи мэрлик кызматтан былтыр ден соолугуна байланыштуу кеткен. Анын алдында мэр катышкан иш-чарада жаш кыздардын бийлегени катуу сынга алынган. Нажафи кезинде өлкөнүн вице-президенти кызматын дагы аркалаган.