Ссылки доступа

Душанбеде 18 киши ход-догго ууланды


Душанбеде тез тамактануу жайында хот-дог жеген 18 киши уулануу белгилери менен инфекциялык ооруканага жеткирилди. Жергиликтүү бийликтин чечими менен соода түйүнү жабылды. Териштирүү башталды.

Бул кишилер 28-июль күнү ооруканага жаткырылган. Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлү Мухиддин Гулаевдин айтымында, алар ход-дог жегенден бир күн өткөн соң өздөрүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылышкан.

Учурда 14 киши ооруканада, төртөө үйлөрүнө кайтты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кишилер колго даярдалган майонезден ууланган болушу мүмкүн. Бирок тез тамактануу жайынын ээси бул божомолду четке кагып, майонезди дүкөндөн сатып алышарын билдирди.

Душанбеде ход-дог эң арзан фаст-фуддардын бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG