Маалыматка караганда, сапардын алкагындагы негизги иш-чаралар 1-августка белгиленген.
Бүгүн Минск шаарындагы Эгемендик сарайында Шавкат Мирзиёев менен Александр Лукашенко чакан жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүшөт. Анда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болот. Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер дагы көтөрүлөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан Биргелешкен билдирүүгө жана документтердин топтомуна кол коюлат деп күтүлүүдө.
Сапардын жүрүшүндө президенттер Минск шаарында ачылган Өзбекстандын улуттук өнөр-жай көргөзмөсүнө барып, Беларустун Жогорку технологиялар паркы менен таанышат.