Ссылки доступа

Красноярскиде курал-жарак сакталган кампадагы жарылуудан 12 киши жаракат алды


Орусиянын Красноярск крайынын Ачин районунда жайгашкан ок-дары сакталган кампадагы жарылуулар 6-август күнү эртең менен токтоду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги аймактын бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдирди.

5-августта башталган аскердик кампадагы жарылуулардан улам 12 киши түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары 20 чакырым радиустагы калктуу конуштардын жашоочулары эвакуацияланган.

5-августта өлкөнүн Коргоо министрлиги өрттү өчүрүүгө алыстан башкарыла турган 14 робот тартылганын билдирген. Ачин районунун бийлиги жалпысынан аймактагы 11 миң киши коопсуз жерлерге көчүрүлгөнүн кабарлады.

Ал ортодо курал-жарак сакталган кампадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан алюминий өндүрүүчү «Русал» компаниясы ишин токтотуп, кызматкерлеринин көбүн эвакуациялаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG