Басылманын маалыматына караганда, баш калаанын борбордук стадионунда бюджеттик мекеме кызматкерлери менен жогорку окуу жайлардын студенттери ары-бери басып, түрдүү көнүгүүлөрдү жасоого мажбурланып жатышат.
Учурда Ашхабадда күндүз абанын температурасы 40, түнкүсүн 35 градус ысык болууда.
Мамлекеттик ЖМКлардын билдиришинче, 5-августта өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Эгемендүулүк күнүнө даярдык көрүү жана аны жогорку деңгээлде өткөрүү тууралуу буйругу жарыяланган.