Ссылки доступа

Өзбекстанда кымбат автоунаа ээлери фестиваль маалында бекер иштөөгө мажбурланууда


Самаркандда кымбат баалуу Malibu-2 жана Captiva үлгүсүндөгү унаа ээлери 23-30-август күндөрү «Шарк тароналари» музыкалык фестивалына келген меймандарды бекер тейлешет. Тиешелүү документке облус башчысы 22-июлда кол койгон.

«Уюмдар менен юридикалык жактарга таандык кымбат унааларды бекер пайдалануу тууралуу» буйрукту аткаруу Самарканд облустук жол коопсуздук башкармалыгына жүктөлгөн. Мекеме башчысы Малибу-2 унааларынын ээлерине жөнөткөн катында алар машиналарын облустук администрацияга 20-августта алып келиши керектиги жазылган.

Жергиликтүү блогер Мирзо Субхоновдун айтымында, облус башчысы кол койгон документте «калкка таандык Malibu-2 жана Captiva унааларын дагы бир жума бекер пайдалануу» каралган. «Фестивалга келген меймандарды тосуп алуу үчүн акча бөлүнгөн. Андыктан адамдар бул ишке мажбурланбашы керек», — деди блогер.

Өлкө президенти быйыл 26-февралда кол койгон жарлыкта «Шарк тароналари» фестивалын өткөрүүгө республикалык бюджеттен жетиштүү акча бөлүнгөнү айтылган.

«Шарк тароналари» деп аталган 12чи музыкалык фестиваль быйыл Самаркандда 26-30-август күндөрү өтөт. Анын ачылышына ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуленин катышары күтүлүүдө. Мындан тышкары фестивалга дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн ырчылар, музыканттар жана ансамблдер келет.

XS
SM
MD
LG