Өкмөт токтомуна ылайык, «Урунгач» гидрологиялык жаратылыш аймагында жер казууга, бул объектиге терс таасирин тийгизе туган ишмердүүлүктүн бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Эл арасында бул жер «Нефрит» көлү деп аталат.
Өзбекстандагы уникалдуу жаратылыш объектилеринин бири деп эсептелип келген Урунгач көлүн бойлой тапчандардын башаламан орнотулушу, чайхана жана кайык кызматынын көрсөтүлүшү жарытылыш коргоочуларынын нааразычылыгын жаратып келген.