«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү чечкен.
8-августта партиянын атынан таратылган билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековго жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырык ташталган.
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Москвада жүрөт.
Ал апрелде да Кыргызстанга кайтыш үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган.
УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.