Ссылки доступа

WSJ: Конгресс Трамп менен орусиялыктардын келишимдери тууралуу маалыматтарды алды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Бир нече ири банк АКШ Конгрессине “Трамп, анын үй-бүлөсү жана компаниялары менен иш жүргүзүшү мүмкүн орусиялыктар” тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен билдирди.

Конгресске Bank of America, Citigroup, Deutsche Bank, JPMorgan, Morgan Stanley жана Wells Fargo банктары маалымат берген.

Буга чейин Трамп банк эсептери жана салык отчетторунун жарыяланышына чектөө киргизүү үчүн бир нече жолу сотко доо арыз менен кайрылган.

Май айында Нью-Йорк штатынын сенаты президенттин салык тууралуу маалыматтарын АКШ Конгрессине берүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алган.

2019-жылы апрелде Өкүлдөр палатасынын эки комитети банктардан Дональд Трамптын каржы маселелери боюнча маалымат сураган.

Мартта Нью-Йорктун башкы прокуратурасы Deutsche Bank жана Investors Bank компанияларынан президентке таандык Trump Organization компаниясынын төрт ири келишими тууралуу маалымат сураган. Бул Трамптын мүлкү жана анын Нью-Йорктогу ишкерлик келишимдерине байланыштуу иликтөө үчүн керек болгон.

XS
SM
MD
LG