“Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, учурда жүз миңдеген абоненттер сим-караталарын жаңы үлгүдөгү паспортко кайра каттатуу процедураларынан өтүшкөн жок.
Такталбаган маалыматтарга караганда, сим-карталарды кайра каттоо мөөнөтү жарым жылга узартылды. Мобилдик операторлор абоненттерине бул жаңылыкты жайылта элек.
Июлда Тажикстан ИИМинин башчысы Рамазон Рахимзода паспорт столдору ID-паспортторду берүүгө үлгүрбөй жаткандыктан, өкмөттөн сим-карталарды кайра каттоонун мөөнөтүн жылдырууну суранган.
Февралда Тажикстан бийлиги сим-карталарды каттоо жаңы үлгүдөгү паспорттордун негизинде жана видеокамералардын байкоосунда жүргүзүлөрүн жарыялаган. Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, 1996-жылкы үлгүдөгү паспорттун ээлери аны 2014-жылкы үлгүдөгү ID-карталарга алмаштырууга милдеттендирилген.
Жашы жете электер сим-карталарды ата-энелеринин же камкорчуларынын кат жүзүндөгү макулдугу менен сатып ала алышат.