Ссылки доступа

Өзбекстанда шахтерлор иш таштагандан кийин тогуз аткаминер иштен алынды (видео)


«Узбекистон темир йуллари» акционердик коому шахтерлордун иш таштоосуна эмне себеп болгонун иликтеп, анын натыйжасында жооптуу тогуз кызматкерди иштен алуу чечимин кабыл алды.

Компания маалымдагандай, учурда атайын топ «Шаргунькумир» ишканасындагы социалдык-экономикалык абалды иликтөөнү улантууда.

В Сурхандарье 200 шахтеров бросили работу и вышли на акцию протеста
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

«Узбекистон темир йуллари» «Шаргунькумир» ишканасында орточо айлык акы 2, 343 миллион сумду (250 доллардын тегереги) түзөрүн билдирди. Компанияда 596 киши эмгектенет.

14-15-августта Сурхандарыя облусундагы «Шаргунькумир» көмүр ишканасында 200дөй шахтер иш таштап, каршылык акциясына чыккан. Алар эмгек шартынын татаалдыгына жана маянанын аздыгына арызданышкан.

2018-жылы 8-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин буйругунун негизинде «Узбеккумир» жана «Шаргунькумир» ишканалары «Узбекистон темир йуллари» акционердик коомуна кошулган.

XS
SM
MD
LG