Ссылки доступа

Кумтөр келишиминин күңгөй-тескейи (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кумтөр келишиминин күңгөй-тескейи. Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы 2017-жылы макулдашылган Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялашты. Эми кыргыз тарап буга чейин «Центеррага» койгон дооматтарынан толук баш тартабы? (Директтен видео)

- Памирлик Вазилдин кыялы. Вазил Абубакир уулу оогандык кыргыз. Анын Нарынга келгенине эки жылга аяк басты. Бул аралыкта ал жумушка орношуп, тирилигин жөндөп алган. Келинчеги Ширин экөө көп балалуу болуп, ушул жерден орун-очок алууну кыялданышат. Вазил келечекте котормочу болууну эңсеп жүрөт. (Директтен видео)

- Аркы өйүздө калган кыштак. Аалам менен эски кайык аркылуу байланышкан Кызыл-Бейит айылындагы баёо турмуш. Катмандуда Кыргызстандын волейбол курамасы, Челябинскиде эки кыргыз мушкери чемпион аталды. (Директтен видео)

- Кыздын бактысы курагында эмес. Кыргыз коомунда жаштарды турмуш курууга мажбурлаган, кыстаган, жада калса суроо узатып жеке жашоого аралашкан жагдайлар тууралуу көп айтылып келет. «Эже-сиңдилер» берүүсүнүн бул чыгарылышы ушул темага арналды. (Директтен видео)

- Акимчиликтин алдындагы ок атуу – «бейбаштыкпы»? Экологиялык маселелерди көтөрүп, «жашыл аймактагы» жерлердин сатылышына каршы болуп келген алматылык активист Галина Арзамасовага жергиликтүү акимчиликтин алдында ок атылды. (Кыргызстандан видео)

- Кыргызстандыктар оппозициялык «Апрель» телеканаланын эфирге кайтып келишине жардам берип жатышат. (Кыргызстандан видео)

- Орусия «Чоң жетинин» кийинки саммитине чакырылабы? (Настоящее время)

- Өзбекстандын Яккабаг районунда акимдин орун басарына өрт коюу аракетинен кийин дүкөндөр түрттүрүлбөй турган болду. (Өзбекстандан видео)

- Казакстанда майып балдары бар ата-энелер нааразылык акциясына чыгышты. (Казакстандан видео)​

- «Эки уй сатып ал». Назарбаев мамлекеттен жардам сурагандарга уй саап, өздөрүн багууну сунуштады. (видео)

- Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады​. (Тажикстандан видео)

- Баткендик ишкер чакан ГЭС курат. Баткен облусунда алгачкы жолу жеке ишкер тарабынан чакан ГЭС курулуп жатат. Учурда чакан ГЭСтин курулушу жарымдап калды. Кийинки жылы ишке берилери пландалган ишкана жылына 5 миллион киловатт электр энергия өндүрө турганы айтылууда. (Директтен видео)​

- Jamala. «Евровидение-2016» сынагынын жеңүүчүсү менен маек. (видео Директ)​

- Алижондун атасы: уулумду кыйнап, жасабаган кылмышты мойнуна алдыртышкан. (Тажикстандан видео)​

- Борборазиялык окуучу кыздар гендердик стереотиптерден баш тартууга чакырып жатышат. (видео Директ)

- Орусияга иштегени кеткен казакстандыктардын саны канча? (инфографика)

- Якутия, алмаздар жана жердеги чуңкурлар. Якутиядагы «Мир» кени 2001-жылы жабылган. Ал адамдын колу менен казылган эң чоң чуңкур болуп эсептелет жана тереңдиги 525 метрди түзөт. (видео)

- Pew Research Center: бир жылдын ичинде казак тектүү төрт миллиондон ашык адам өлкө сыртында жашаган. (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG