Ссылки доступа

Разаков: Сох анклавын Өзбекстан менен туташтырган жол ачылган жок (видео)


Сох анклавына кирген жер
Сох анклавына кирген жер

Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох-Риштан жолу ачыла элек. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөнү Өзбекстан менен байланыштырган жолду ачуу боюнча бир топ маселелер бар.

«Аталган зонада жумуш абдан көп. Биринчи иретте, Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштерди жасашыбыз керек. Бул уюмдун алкагында Кыргызстанга жүктөлгөн милдеттердин алкагында ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери бар. Мына ушул жумуштар аягына чыкканга чейин жолду ача албайбыз», - деди Разаков.

Буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолдун ачылыш аземинен видео тасма жарыялаган. Анда жолдун ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кыргызстандык жарандар катышканын көрүүгө болот.

Открылась трасса Сох-Риштан, соединяющая эксклав с Узбекистаном
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Бул иш-чарага катышкан Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев 30-августта чындыгында жолдун ачылышы боюнча атайын иш-чара өткөнүн ырастады. Анын айтымында, ал учурда жол өкмөттүк органдардын келишиминин негизинде ачылары айтылган. Бирок азыркы учурда жол жабык турат.

Бул боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы комментарий бере элек.

Өзбекстанга таандык Сох району - Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав. 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан соң Сох-Риштан жолу жабылган болчу.

XS
SM
MD
LG