Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи: Орусияда тажик жаранына скинхеддер кол салган


Рамазон Рахимзода
Рамазон Рахимзода

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода орусиялык кесиптеши Владимир Колокольцевке телеграмма жөнөтүп, тажик мигрантына кол салгандарды таап, жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) мигрантка кол салууну «ырайымсыздык» деп атап, кылмышты «орусиялык скинхеддер жасаганын» билдирди.

Өз булактардын маалыматына караганда, өлкөнүн Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүктөрүнө дагы тергөөнүн жүрүшүнө көз салып, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшүү тапшырмасы берилди.

Тажик жараны катуу сабалып жаткандыгы тартылган видео Интернетке 30-августта жарыяланган. Андан бери айрым социалдык түйүн колдонуучулары тажик бийлигин бул окуяга кош көңүл мамиле кылып жатат деп сындап келишкен.

Видеодон окуя Орусиянын кайсыл аймагында болгонун билүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле бети-башы канап, ооруга чыдабай онтоп жаткан адамдын тагдыры дагы белгисиз. Кол салгандар аны «тажик» деп атап, «мекенинде калбай Орусияга келгендиги үчүн» сабап жаткандыктарын айтышкан.

Азырынча Орусия тарап бул видео боюнча эч кандай билдирүү жасай элек. Бул өлкөнүн ЖМКлары дагы окуя тууралуу эч кандай маалымат беришкен жок.

Өткөн жылы Орусиядан Тажикстанга 966 жарандын сөөгү жеткирилген. Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматы боюнча «алардын 30дан ашыгы киши колдуу болгон».

XS
SM
MD
LG