Ссылки доступа

Ош базарын «жаңыртуудан» чыккан чыр (жыйнак)

ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Ош базарын «жаңыртуудан» чыккан чыр. Ош базарындагы «Берекет универсал» соода борборундагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты. Алар бул аймактын ордуна жаңы комплекс салуу үчүн базарды бошотуу талабына ынабай турушат. (Директтен видео)

- Нурбаев: Өкмөттүн учурдагы абалы оор. «Эки бир» берүүсүнүн кезектеги коногу Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев болду. Ал өлкөдөгү кырдаал, инвестиция тартуудагы маселелер жана билим берүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө пикирлери менен бөлүштү. (Директтен видео)

- Атамбаев салган мечит текшерилип жатат. (Директтен видео)​

- Контейнерде кагылган коңгуроо. Нарын районунун Кеңеш айылындагы 150дөн ашык окуучу кадимки контейнерлерде окуп баштады. Мобилдик үй деп саналган мындай туракта алар канчага чейин билим алат, азырынча эч кимге беймаалым. (Директтен видео)

- Караматтын тандыры. Базар-Коргон районунун Карача айылынын элүү жаштагы тургуну Карамат Токторалиева балдары менен бирге жаңы кесипти өздөштүрдү. Ал тандыр жасоонун сырын үч жыл мурда үйрөнгөн. (Настоящее время)

- Казакстанда эки күндөн бери кытай заводдорунун курулушуна каршы акциялар уланууда​. (видео Директ)

- Мамлекеттик комиссия Кой-Таштагы окуяларды иликтей баштады. (видео Директ)

Азия 360°: Саумалкөл — урандын коркунучтуу элеси. (видео Директ)​

- 2020-жылкы шайлоодо Инстаграм жалган маалымат таратылган негизги аянтча болушу мүмкүн. (видео Директ)

- Кояндынын тургундары мамлекеттик жардамды кайтарып берүүгө мажбурланууда. (Казакстандан видео)

- Түркмөн президентинин уулу биринчи болушу керек. Түркмөнстанда пахта планын аткарууда президенттин уулу жетектеген Ахал облусу биринчи орун алышы керектиги айтылды. (Настоящее время)

- Алматы облусунда 15 жылдан бери айыл көйгөйлөрүн көтөрүп келген активисттин үйү өрттөнүп кетти. (Казакстандан видео)

- Тажикстандын ИИМ башчысы орусиялык кесиптешине кайрылып, мигранттын катуу сабалгандыгы тууралуу маалыматты текшерүүнү өтүндү. (Настоящее время)

- Жейми Флай Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана коррупцияга каршы күрөштөгү журналисттердин ролу тууралуу айтып берди. (видео Директ)

- Өзбекстанда тажик жогорку окуу жайларын тандаган абитуриенттер көбөйүүдө. (видео)

- Тажикстанда түркмөн студенттеринин саны кескин азайды. (видео)

- Гиссардашы кафеде газ баллону жарылды. (Тажикстандан видео)

- Чоң үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке эски форма жана окуу куралдары жок барышат. (Казакстандан видео)​

- Pew Research Center: бир жылдын ичинде казак тектүү төрт миллиондон ашык адам өлкө сыртында жашаган. (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG