Ссылки доступа

Иран өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин кыскартарын тастыктады


Иран 6-сентябрда атом тармагында иликтөөлөргө киришүү менен өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин азайтуунун үчүнчү фазасын баштай турганын тастыктады. Бул тууралуу президент Хасан Роухани билдиргенин бул өлкөнүн жергиликтүү телеканалдары кабарлады.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

2018-жылы Вашингтон бул келишимден чыгарын жарыялаган. АКШ президенти Дональд Трамп Иран жашыруун түрдө өзөктүк куралдарын иштеп чыгууну улантууда деп эсептейт. Буга байланыштуу Вашингтон Тегеранга карата санкцияларды кеңейткен.

АКШ чыгып кеткенден кийин Иран келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууну улантып, бирок Британиядан, Франциядан жана Германиядан санкциялардын кесепеттерин азайтууга жардам берүүнү талап кылган. Болбосо акырындык менен документтин айрым бөлүктөрүн аткаруудан баш тарта турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG