- Чек арадагы чырдан жабыркагандардын абалы. Чек арадагы чырдан жабыр тарткандардын 13ү Баткен облусунун Лейлек районунун ооруканасына келип түшкөн. Алардын бешөө Лейлек райондук ооруканасында калтырылып, калганы Бишкекке жөнөтүлгөн. Ооруканадагы бейтаптардын үчөө жандандыруу бөлүмүнө жатат. Алардын экөөнүн абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Анвар Калымов билдирди. (видео)
- Москвада тажик гастарбайтерлери менен качкындарынын жаңы саясий кыйылы түзүлдү. (видео)
- Чек ара чыры: Максаттыктардын көзү менен. (видео)
- Максатта ок атууну ким баштады?: Тажикстандын версиясы. (видео)
- «Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү уланат». Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жолугушуусунан кийин «Азаттыкка» комментарий берди. (видео)
- Сурамжылоо: Мектепке канча төлөйсүз? Кыргызстанда мыйзамга ылайык, мамлекеттик мектептерде билим берүү акысыз. Бирок окуучулардан акча чогултуу боюнча нааразылык басылбай келет. Бишкектин тургундары арасында сурамжылоо жүргүздүк. (видео)
- Зере: айнып калгандарды түшүнсө болот. Зеренин “Сүйүнчү” деген ыры жарык көргөнүнө үч күн болсо да интернет колдонуучулардын арасында, айрыкча ырдын аталышы менен клибин жактыргандар арбын. “Азаттык” ырчы Зере менен маектешти. (видео)
- Чек арада жабыркагандар Бишкекке жеткирилди. (видео)
-Канбийкеден түрмөгө чейинки жол: Гүлнара Каримова.(Настоящее время)
-Гиссарда чек арада өлгөн подполковник Рустам Убайдуллоевди акыркы сапарга узатышты. (видео)
- Темир жолдогу трагедиядан кийинки талап. (видео)
-Бердымухамедов алабай тууралуу ыр окуду. (Настоящее время)
- Дүйнөлүк күрөш чемпионаты: кармаш, ыза, сүйүнүч. Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдештин экинчи күнүндө 55, 63, 72 жана 82 килограммга чейинки салмактарда алтын, күмүш жана коло байгелер үчүн беттештер өттү. (видео)