Ссылки доступа

Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына Роберт О’Брайенди дайындады


Роберт О’Брайен (солдо)
Роберт О’Брайен (солдо)

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына Роберт О’Брайенди дайындады. Бул тууралуу Трамп «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Мен Роберт менен көптөн бери жемиштүү иштештим. Ал бул кызматта дагы мыкты иштейт», — деп жазды Трамп.

Роберт О’Брайен учурда Мамлекеттик департаментте эмгектенет жана президенттин туткундар маселеси боюнча атайын кеңешчиси кызматын аркалайт.

Буга чейинки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон сентябрдын башында кызматтан алынган. Дональд Трамп анын себебин Болтондун бир топ кеп-кеңешине макул болбогону, ынанбаганы менен түшүндүргөн. Тактап айтканда, ал кеңешчисинин Түндүк Корея жана Венесуэла боюнча сунуштарын сынга алган.

Вадим Аленичев: "Увольнение Болтона в США стало полной неожиданностью"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00
XS
SM
MD
LG