Ссылки доступа

Помпео Саудияга кол салууну «согуш актысы» деп атады


Шаршембиде Сауд Арабиясына барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкөдөгү ири мунай объектилерине жасалган чабуулду «согуш актысы» деп атады.

Сауд Арабиясы кол салууга Иран демөөрчүлүк кылганын ырастаган далилдер бар экенин маалымдады. Эр-Риядда журналисттерге ракета менен дрондордун калдыктары көрсөтүлдү. Падышачылыктын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн ырасташынча, алар Иранда жасалган.

Иран кол салууга тиешеси жок экенин айтып, эгер чабуул бутасына алынса, АКШга токтоосуз жооп кайтарарын эскертти.

14-сентябрда Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине чабуул коюлган. Бул үчүн жоопкерчиликти йемендик хусит козголоңчулары алган.

Бирок Кошмо Штаттар чабуулдарды козголоңчулар өздөрү уюштурганына ишенбей, «анын артында Иран турат»​ деп жарыялаган. Буга байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялар күчөтүлөрүн билдирген.

Сауд Арабиясынын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, полковник Турки аль-Малки чабуул Иран жана Ирак жайгашкан түндүк тараптан башталганын маалымдады. Чабуул учурунда 18 дрон жана 7 канаттуу ракета учурулган, алардын үчөө бутага тийген эмес.

XS
SM
MD
LG