Ссылки доступа

ЕБ: Тажикстанда сөз эркиндиги орногондо гана инвестициялык колдоо улантылат


Европа биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан
Европа биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан

Европа биримдиги (ЕБ) Тажикстанда сөз эркиндигин камсыз кылууга шарттар түзүлгөндө гана бул өлкөгө инвестициялык колдоо көрсөтүүсүн улантат. Бул тууралуу ЕБ өкүлдөрү менен тажик бийлигинин жолугушуусу маалында айтылганын уюмдун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атайын өкүлү Петер Буриан билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы үч жылдын ичинде европалык түзүмдөр Тажикстанга 1 миллиард еврого жакын каражат инвестиция салат деп күтүлүүдө. Бирок Бураиндын белгилешинче, ошол эле маалда Евробиримдик бул өлкөдөгү адам баалуулуктарына, анын ичинде демократиялык принциптер менен сөз эркиндигине өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул биринчи кезекте ЖМКларга, анын ичинде калк үчүн негизги маалымат булагы болуп эсептелген көз карандысыз басылмаларга тиешелүү экенин белгиледим. Мындан тышкары маалымат каражаттары терроризмге каршы күрөштө маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн ушул маселени талкуулоого жумшадык», — деди Буриан.

Ал тажик бийлиги менен болгон сүйлөшүү маалында башка маселелер менен катар эле эл аралык басылмалардын, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисттерине аккредитация берүү көйгөйү дагы козголгонун билдирди.

Акыркы жылдары Тажикстан Дүйнөлүк сөз эркиндиги рейтингинде төмөн түшүп, «ЖМКлары эркин эмес өлкөлөрдүн» катарына кошулду. 2019-жылы өлкө 12 баскычка төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 161-орунга жайгашкан. Буга интернеттеги цензура, журналисттерди коркутуу, аларга басым жасоо, басылмалардын жабылышы өңдүү бир катар көрүнүштөр себеп болууда.

XS
SM
MD
LG