Ссылки доступа

Мамлекеттик тилдин абалын эске салган маараке (жыйнак)

ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Арашандыктардын арызы, прокуратуранын жүйөсү. (видео)

- Мамлекеттик тилдин абалын эске салган маараке. Кыргызстанда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди. Бишкекте өткөн салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары ишке ашырууга зарыл болгон милдеттерди санап өттү. (видео)

- Кыргызча түш жоруган якут келин. Лия Абдыжапарова Кыргызстандагы якут келиндердин "Олонхо" диаспорасынын мүчөсү. 36 жыл мурда нарындык жигитке турмушка чыккан келин кыргыз тилин айылда апалардан үйрөнүп, азыр кыргызча түш жооруйт. Абдыжапарова Нарындагы лицейлердин биринде 20 жыл мугалим болуп иштеген. (видео)

- 21-сентябрда Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында ондогон адам кармалды. (сүрөт баян)

- Көп балалуу энелер көчөдө түнөштү. Нур-Султанда акцияга чыккан жыйырма чакты көп балалуу эне өкмөттүк имараттын алдынан кетпей, көчөдө түнөштү. (Настоящее время)

- Эмнеге Улуттук көчмөндөр оюндары кыргызстандыктардын баарына эле жага берген жок? (видео Директ)

- Самаркандда мугалим 3-класстын окуучусун катуу сабады. (Өзбекстандан видео)

- Түркмөнстанда колуна кишен салынган аткаминерлер кылмыштары жөнүндө айтып беришти. (видео Директ)

- Тажик бийлиги: түрмөдө оппозициячы Хайит кыйноого алынган жок. (видео Директ)

- Трамп Зеленский менен эмне жөнүндө сүйлөштү? АКШдагы жаңы саясий жаңжал. (видео Директ)

- Жо Байдендин уулунун Украинага кандай байланышы бар? (Настоящее время)

- «Биз Путиндин кызматтан кетишин талап кылышыбыз керек». Орусиянын аймактарында өткөн экологиялык нааразылыктын алкагында Архангельсктин борбордук аянтына эки миң киши чыкты. (Настоящее время)

- Советтик номенклатура үчүн VIP-бункер. (сүрөт баян)

- «Чоң Алтайдын түрк-монгол дүйнөсү» аттуу алгачкы эл аралык форумдан сүрөт баян. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG