Ссылки доступа

Чымкент полициясы студенттердин жаңжалы боюнча түшүндүрмө берди (видео)


Чымкент шаардык полиция департаменти жогорку окуу жайлардын бириндеги өзбек студенттеринин куугунтукка кабылышы тууралуу комментарий берди.

Полиция жарыялаган маалыматта Чымкентеги университеттердин биринде эки студент урушуп кеткени, жаңжал «майда-барат» маселелерден улам чыкканы айтылат. Бул фактынын алкагында «Бейбаштык» беренеси боюнча тергөө жүрүүдө.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеодо 1-курстун студенттери кысымга жана коркутуп-үркүтүүгө кабылып жатканын билдиришкен. Жигиттердин бири Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинен жардам сураган.

«Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, айрым студенттер бул окуядан кийин бир студент ооруканага жаткырылганын, бирөөнүн мурду сынганын айтышкан.

Университеттин жетекчилиги жаңжалдан кийин полиция 24 студентти кармап кеткенин билдирген.

Буга чейин Өзбекстандын Казакстандагы элчилиги жана Башкы консулдугу окуяны көзөмөлгө алганын кабарлаган. Өзбекстан ТИМинин тапшырмасы менен Башкы консулдуктун өкүлдөрү Чымкентке барып, жергиликтүү бийлик, университет жетекчилиги жана өзбек студенттери менен жолугуп, маселени талкуулаган.

XS
SM
MD
LG