Ссылки доступа

Пласидо Доминго сексуалдык асылуу айыбынан улам Метрополитен-операсынан кетет

Испан опера ырчысы Пласидо Доминго Нью-Йорктогу Метрополитен-операсында “Макбет” оюнуна катышпайт жана театр менен байланышын токтотот.

25-сентябрдагы премьерада Макбет партиясын Домингонун ордуна серб ырчысы Желько Лучич аткарат. Леди Макбеттин ролун орусиялык опера ырчысы Анна Нетребко ойнойт.

Август айында Associated Press агенттиги 78 жаштагы Доминго сексуалдык асылууга айыпталып жатканын кабарлаган. Айыптоо 80-жылдардагы окуяларга негизделген. Сентябрдын башында дагы 11 аял ырчыны сексуалдык асылууга күнөөлөгөн.

Августта Филадельфия Оркестри (The Philadelphia Orchestra) менен Лос-Анжелес Операсы (Los Angeles Opera) Домингонун оюндарын коюудан баш тарткан. Ырчы кыз-келиндердин макулдугу менен гана жыныстык катнашка барганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG