Ссылки доступа

Кочкордо картөшкө быйыл да арзан (жыйнак)

ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Мамкызматтын даражасы жана жоопкерчилик. Кыргызстанда мамлекеттик жетекчилер менен кызматкерлердин интеллектуалдык көрөңгөсү жана адистик деңгээли кандай болушу керек деген талкуу күчөдү. Буга Жогорку Кеңештин төрагасынын эл аралык жыйындагы сөзүнөн тарта айрым жергиликтүү жетекчилердин криминал менен коюн-колтук алышканы себеп болду. "Азаттыктын" “Эксперттер талдайт” берүүсүндө ушул маселени талкууладык. (видео)

- Кочкордо картөшкө быйыл да арзан. Ушул тапта картөшкөнүн бир килограммы Кочкордо 6-8 сомдон бааланууда. Дыйкандар “кымбат сатып каларбыз” деген үмүт менен жыйган түшүмүн кармап турушат. Ошол эле учурда райондун айрым айылдарын кыдырып, картөшкө алгандардын карааны көрүнө элек. Мындан улам мээнет быйыл да акталбай калабы деп санаага баткандар арбын. (видео)

- “Кумтөргө” коруктун жери кеткенби? Кыргыз өкмөтү 2009-жылкы Макулдашуунун шарттарын аткаруу үчүн мурда алынган 16 миң 330 гектар жер аянты “Кумтөргө” кайра кайтарылып берилгенин жарыялаган. Бирок өкмөт 2012-жылы ызы-чуу болгон “Сары-Чат-Ээр-Таш” мамлекеттик жаратылыш коругунун жери кен казуучу аянтка кирген эмес деп ишендирип жатат. (видео)

- Мэрия соодагерлердин талабын укту. Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» дүң жана чекене базарынын соодагерлери Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарга электр энергиясын берип, базарды мэриянын карамагына өткөрүп алууну талап кылышты. Соодагерлерди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кабыл алды. Алар буга чейин да нааразылык акциясын уюштуруп, базардын жабылышына жана анын ордуна соода борборун курууга каршылык билдиришкен. (видео)

- «Ала качуу гүлдөй кызды солутпасын» АКШдан келген режиссер жана продюсер Юджиния Чанг Кыргызстандагы ала качуу, кыздардын укуктары, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилеси, бири-бирин колдоосу тууралуу эки сааттык тасма тартты. (видео)

- Кытайдан келген таттуулар кооптуубу? Тажикстанда Кытайдан таттуу алып келүүгө тыюу салынган. Бирок алар өлкөдөгү бардык дүкөндөрдө сатылууда жана курамында эмнелер бар экени белгисиз. (Настоящее время)

- Душанбеде курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты кандай? (Тажикстандан видео)

- Чымкенттиктер менен өзбек студенттеринин ортосунда жаңжал чыкты. (Казакстандан видео)​

- Оппозиционер Мухтар Аблязов – Казакстандагы нааразылыктар жана адамдардын кармалышы тууралуу. (видео Директ)

- Хорезм милициясы жөө жүрүштүн катышуучуларын кармады. (Өзбекстандан видео)

- Түркмөнстанда колуна кишен салынган аткаминерлер кылмыштары жөнүндө айтып беришти. (видео Директ)

- Трамп Зеленский менен эмне жөнүндө сүйлөштү? АКШдагы жаңы саясий жаңжал. (видео Директ)

- Экологиялык нааразылыктардын катышуучулары эмнелерди талап кылып жатышат? БУУнун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча саммиттинин алдында дүйнө жүзү боюнча нааразылык акциялар өттү. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG