Прокуратура өкүлдөрүнүн билдиришинче, 21-сентябрь күнү «уруксат берилбеген митинг учурунда» ал күч түзүм органдарына каршылык көрсөткөн. Айыпталуучу болсо митингге эмес, жумушка бараткан маалда полиция кармап кеткенин айтууда.
Казакстан ИИМи 21-сентябрда Казакстанда жүздөй киши кармалганын маалымдаган. Алардын тогузу административдик камакка алынып, алтоо айып пулга жыгылган.
Калгандары профилактикалык сүйлөшүүдөн соң коё берилген.
Өкмөткө каршы нааразылык акцияларына чыгууга коңшу өлкөдө экстремисттик деген негизде тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери, 2009-жылдан бери чет жакта бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязов үндөгөн.